Мадумаровдун адвокаты депутат дагы бир иш боюнча ИИМге сурак бергенин айтты

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, абактагы Адахан Мадумаров дагы бир иш боюнча ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берди. Бул тууралуу 23-сентябрда анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, сурак беш саатка чукул созулду. Ага Чыңгыз Абдымомунов атуу кишинин 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстанга» 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайтарып алуу үчүн милицияга арыз жазганы негиз болгон.

«Бул боюнча материалдар каттоого алынды. Иш козголуп-козголбогонун кийин тергөөчү кабарлайт. Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты», — деди жактоочу.

Ошондой эле адвокат 22-сентябрдан 23-сентябрга караган түнү Мадумаровго эки ирет тез жардам чакыртышканын баса белгиледи.

ИИМ Мадумаровдун суракка алынганы жана жаңы иштин жагдайлары тууралуу маалымат бере элек.

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алган

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.  

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.  

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын буузуп атканы үчүн сындап жүргөн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖК Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзө алган жок

Акыйкатчы институту: Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди