Абактагы Равшан Жээнбеков Кыргызстан авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргенин айтты

«Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 13-ноябрда абактан кат жолдоду. Анда ал «президент Садыр Жапаров жана анын командасы акыркы үч жылда Кыргызстанды авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди» деп жазды.

Жээнбековго таандык делген фейсбук барагына жарыяланган катта бийликтин кемчилигин айткан медиалар, журналисттер, активдүү жарандар жана саясатчылар куугунтукталып, камалып жатканы айтылат.

«Калп айтуу, маалыматтарды бурмалоо, болбогон проекттерди жана көрсөткүчтөрдү көбүртүп жабыртып элге таңуулоо мамлекеттин негизги официалдуу саясатына айланды. Фундаменталдуу, келечекке негиз болчу бир дагы багытта, азыркы бийликтин ийгиликтери дагы, программасы дагы жок», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле саясатчы акыркы үч жылда эл аралык беделдүү уюмдардын адам укуктары, демократия жана коррупциянын абалы сыяктуу маанилүү изилдөөлөрүндө Кыргызстандын көрсөткүчү кескин начарлаганын кошумчалады.

«Уч жылдын жыйынтыгы менен Жапаровдун ийгиликтери салыкты көтөрүү, ишкерлерди кустуруу, инфляция, девальвация жана реэкспорттун эсебинен бюджетти көтөрүү менен гана чектелет. Баса, саясий куугунтук боюнча дагы эң чоң көрсөткүч жараткан автократ президент болду. Азыркы бийлик келечектүү Кыргызстанга багыт бере албады, жол көрсөтө албады», — деди ал.

Кыргызстан 2021-жылы дүйнөлүк The Economist Intelligence Unit рейтингинде биринчи жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирген. Ага чейин республиканын режими гибриддүү деп бааланып келген болчу.

Кемпир-Абад иши

Равшан Жээнбеков 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан демократия менен кош айтышып, авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирдиби?

Демократия индекси-2021: Кыргызстан алгачкы жолу авторитардык өлкөлөрдүн тизмесине кирди