Кыргызстан демократия менен кош айтышып, авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирдиби? 

Кыргызстан барган сайын «демократиянын аралчасына» окшобой, авторитардык мамлекеттердин тобуна кирип калгансыйт. Анткен менен бийлик, башкаларга салыштырмалуу өлкөдөгү абал кыйла жакшы деп айтуудан тажабайт. 

«Клооптун» журналисттери мурдагы СССРдин курамына кирген, көз карандысыздыкка ээ болуу тарыхы Кыргызстанга окшош мамлекеттердеги сөз эркиндигинин абалын талдап чыкты. Жыйынтык кубанарлык эмес — эркиндигинен ажыраган бир гана кыргызстандыктар десе жаңылабыз. Өзүңүз деле көрсөңүз болот — кимиси сизге жакын, Түркмөнстанбы, Казакстанбы же Молдовабы?