ТИМ башчысы мекенге кайтып жаткан мигранттарга 60 миң жумуш оруну бар экенин билдирди

Кыргызстанда учурда 60 миң жумуш орду бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Мекендештер -2023» форумунда билдиргенине таянып, «Азаттык» жазды

Анын айтымында, чет жактардан кайтып келип, жумуш караштырып аткандар өлкөдө ишке орношо алат. 

Ал 2024-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын, анын алкагында 10 миңден 30 миңге чейин жумуш орду түзүлөрүн билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна да жумушчулар керектелет.

Ошол эле учурда, Кулубаев кыргызстандык мигранттар Түштүк Корея, Жапония, Германия жана бир катар Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

«Миграция–дүйнөдө чоң процесс. Өнүккөн өлкөлөр да ушул процесстен өткөн. Жарандар чет өлкөлөргө чыгып иштеп, тажрыйба алып, ошол жактан үйрөнгөндөрүн өлкөгө кайтып келип бул жакка жайылтса, пайдалуу болот», — деди министр.

Ноябрдын башында эмгек министри Гүлнара Баатырова акыркы эки жылда өлкөдө жумушу жоктордун саны 7,7% кыскарганын, ал эми жумушсуздуктун расмий деңгээли 0,3%га азайганын билдирген

2021-жылы бийлик өлкөнүн 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программасы менен тааныштырган, ага ылайык, республикада жумушсуздукту 5,8ден 5%га чейин, болгондо да миграциянын эсебинен азайтуу пландалып жатат.

Эмгек министрилигинин акыркы маалыматы боюнча, учурда 1,5 млн ашык кыргыз жараны чет өлкөдө эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда — 1 млндон ашык адам.