Журналист Мамыркулова менен Мадумаровдун жээни УКМКдагы сурак жөнүндө айтып беришти

Журналист Канышай Мамыркулова менен депутат Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков 13-ноябрда күбө катары УКМКнын сурагына кирип чыгышты. «Азаттык» билдиргендей, экөө тең буга чейин кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча сурак берген.

«Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим», — деди Мамыркулова.

Калыбеков дагы сурак купуя сыр боюнча калат деп кол коюп бергенин билдирди.

«Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда Адахан Мадумаровдун биринчи соту болгон. Ошол жерде Замирбек Шамшидин уулу сүйлөгөн сөздөр боюнча күбө катары суралдым», — деди ал.

Канышай Мамыркулова жана Элмурат Калыбеков.

УКМК азырынча журналист менен Мадумаровдун жээни суракка алынганы боюнча маалымат бере элек.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Азыр ал ТИЗОдо камакта.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү жана Мадумаровдун тарапташы Замирбек Шамшидин уулу 23-сентябрда кармалган. Башында Замирбек Шамшидин уулуна «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин айыптоо «Массалык баш аламандыктар» беренесине алмаштырылган. Ал 25-сентябрда Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган. 

Соттун акыркы чечимине ылайык, Шамшидин уулу 2023-жылдын 8-декабрына чейин Бишкектин ТИЗО-1де камакта болот.

Башкы сүрөт: Темир Сыдыкбеков / «Азаттык».