УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройду УКТны каржылоого шектеп издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы, Азим Рой каймана аты менен таанылган Орозахун Сайдазимовго издөө жарыялады. Бул тууралуу 15-ноябрда атайын кызматтан билдиришти.

Азим Рой жана Камчы Көлбаев.

Атайын комитет учурда Ройдун «Орусиянын жарандыгы бар экенин жана Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенгени аныкталганын» маалымдады.

Маалыматка караганда, Азим Ройго «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо» жана «Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү» беренелери боюнча сыртынан айып тагылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан «Арстан Таувер» бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6 миң чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталган.

Азим Рой Бишкектен аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, аны жубайынын атына каттаган. Ал эми аталган батирде Көлбаев өзү жашап келгени айтылат.

Ошондой эле Ройдун дагы Бишкектин четинде Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион АКШ долларын түзгөн дачага ээлик кылганы айтылат. Мындан тышкары, УКМК Чолпон-Атада жайгашкан «Каганат» эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да Азим  Ройго таандык экени кошумчалады.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Рой Азим тууралуу эмне белгилүү?

Орозахун Сайдазимов (Рой Азим) кыргыз жараны. Ал Чүй облусунун Чалдовар айылында туулуп-өскөн.

Кыргыз ЖМКсы Рой Азимди кайрымдуулук менен алектенген меценат деп атайт. «Турмуш» басылмасы ал Беловодск айылындагы майып балдардын жатак-мектебин карамагына алганын жана өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Чалдовар айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келерин жазган.

Алтургай Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн бирине меценаттын атын ыйгарышкан, ал көчөнүн муктаждыктарына дагы Азим Рой өзү акча бөлөт.

Иликтөөчү журналисттер 2022-жылдын башында Азим Ройдун Швейцариянын ири Credit Suisse банкында эсебин табышкан. Азимдин банктык эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин иштеп, андагы эң көп каражат 11,6 миллион АКШ долларын түзгөн.

OCCRP’нин иликтөөчү журналисттери Азим Рой — «Орусия жана Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланыштары бар ишкер», ошондой эле, Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тааныштыгы бар экенин жазышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, Азим Рой Көлбаевдин жакындарынын бири менен иш алып барат.

Буга кошумчалай, 2022-жылдын сентябрь айында соцтармактарда Азим Ройго ыйгарылганы айтылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалынын сүрөтү тараган.

Ошол эле жылы 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып, Рой 19-сентябрда УКМКнын атайын эсебине 22 млн 596 миң сом которгонун жазган

«Төлөм документинде демөөрчүлүк “Азим Ройдон өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо максатында” берилгени жазылган», — деп билдерген журналисттер.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады