Соцтүйүндө ИИМ тарабынан ишкер Рой Азимге ыйгарылган медалдын сүрөтү тарады

Социалдык тармактарда ИИМ тарабынан Рой Азим каймана аты менен таанымал белгилүү ишкер Орозахун Сайдазимовго ыйгарылган «Милицияга 95 жыл» юбилейлик медалынын сүрөтү тарады.

Кыргыз милициясы 95 жылдык мааракесин 2019-жылы белгилеген. Ал эми күбөлүктө медаль Рой Азимге 2021-жылдын март айында ыйгарылганы жазылган.

Бирок анда ишкердин чыныгы аты жана ички иштер министринин аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес. «Кактус Медиа» басылмасынын маалыматына ылайык, күбөлүктөгү кол ошол кезде министрдин милдетин аткарган Улан Ниязбековго таандык.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

10-сентябрда «Кактус Медиа» басылмасы президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Орозахун Сайдазимов (Рой Азим) менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Сүрөттөн президенттин депутат кудасы Акылбек Түмөнбаевди дагы көрүүгө болот. Ал эми «МедиаХабдын» журналисттери Жапаров бизнесмен Рой Азим менен түшкөн сүрөт президенттин Ысык-Көл облусундагы резденциясында тартылганын аныкташты.

«Кактус Медиа» маалымат булактарына таянып, президенттин кортежи үчүн 2021-жылкы Chevrolet Suburban жолтандабастарын Рой Азим тартуулаган болушу мүмкүн деп жазып чыккан.

Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Кактус Медианын» бул маалыматын четке каккан.

Султанбаев буга чейин мамлекет башчысынын Коопсуздук кызматына жолтандабастарды чет элдик өнөктөштөр бергенин айткан, бирок алар кимдер экенин ачыктаган эмес.

Рой Азим тууралуу эмне белгилүү?

Орозахун Сайдазимов (Рой Азим) кыргыз жараны. Ал Чүй облусунун Чалдовар айылында туулуп-өскөн.

Кыргыз ЖМКсы Рой Азимди кайрымдуулук менен алектенген меценат деп атайт. «Турмуш» басылмасы ал Беловодск айылындагы майып балдардын жатак-мектебин карамагына алганын жана өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Чалдовар айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келерин жазган.

Алтургай Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн бирине меценаттын атын ыйгарышкан, ал көчөнүн муктаждыктарына дагы Рой Азим өзү акча бөлөт.

Иликтөөчү журналисттер 2022-жылдын башында Рой Азимдин Швейцариянын ири Credit Suisse банкында эсебин табышкан. Азимдин банктык эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин иштеп, андагы эң көп каражат 11,6 миллион АКШ долларын түзгөн.

OCCRP’нин иликтөөчү журналисттери Рой Азим — «Орусия жана Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланыштары бар ишкер», ошондой эле, Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тааныштыгы бар экенин жазышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, Рой Азим Көлбаевдин жакындарынын бири менен иш алып барат.