УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

15-ноябрда УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «шпана» деп аталган мүчөсү акча опузалоого шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү учурда 8-түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 24 жаштагы кишинин буйругу менен башка бир жарандан опузалап акча талап кылган.

«Жаранды белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап 8-түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун “кассасын” толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан», — дешти УКМКдан.

Бул факт боюнча мурда соттолгон 27 жаштагы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.

Атайын кызмат маалыматына ылайык, жалпы жону Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөн.

Ошондой эле соцтүйүндөрдө УКТ мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамдары менен кылмыш чөйрөсүндөгү түшүнүктөрдөн баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убада кылган видеолору тараган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады