2010-жылы Жалал-Абаддагы этникалык кагылышта башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалды

УКМК 16-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы 2010-жылы болгон этникалык кагылышта «массалык башаламандык уюштургандар менен алардын лидерлери» кармалганын билдирди. 

Атайын кызматтан Г.Т.У. аттуу шектүү 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынан кармалганын айтып беришти. УКМКнын маалыматы боюнча, ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууну уюштурган сепаратисттик топтун лидерлеринин бири болгон».  

Кармалган экинчи Р.А. аттуу жаран, УКМК маалымдагандай, Сузак районундагы «Круговое» деп аталган аймакка жооптуу болгон.

«Р.А.нын жашаган жеринде тинтүү учурунда: 6,5мм калибрлүү 1 - “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен, 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 - 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды», — дешти УКМКдан. 

УКМКдан иш боюнча тергөө уланып жатканын билдиришти. 

Атайын кызмат 2010-жылдагы этникалык жаңжал учурунда массалык башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар адамдарды 2021-жылдын апрелинен тартып активдүү кармап жатат. Анда УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар боюнча тергөөнү жанданткан

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат киргизилип, өзгөчө абал режими жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2010-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд доллар деп бааланган.

2020-жылдын июнь айында «Азаттык» басылмасы каргашалуу окуяларды иликтөөнүн жыйынтыгында 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 360ынын гана бети ачылганын, 3919 иш токтотулуп, 13 иш боюнча тергөө токтотулганын жазган. Дагы 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген.