NazarNews сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камакка алынды

Гүлжан Шерипбаева. Сүрөт Шерипбаеванын фейсбуктагы барагынан алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка алып кеткени айтылган NazarNews басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 16-ноябрда журналисттин жакындары «Азаттыкка» билдиришти.

Журналисттин иниси Майрамбек Каримов  Шерипбаеваны УКМКнын кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин айтты.

«Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, “сүйлөшүү үчүн” деп чакырып алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди мамлекеттик адвокаттын катышуусунда суракка алышып, эки суткага камакка алышыптыр. Биздин адвокат УКМКга эми бара жатат», — деп билдирди Каримов.

Журналист «Массалык баш аламандыктарга чакырык жасоого» шектелип жатканы кабарланууда.

Буга чейин аны УКМК кызматкерлери кармап кеткенин Шерипбаева өзү 16-октябрда түшкө жакын фейсбук барагында жазган

Азырынча атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек.

Шерипбаеванын ысымы 2020-жылы эле бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон фейк-фермалардын алкагында атала баштаган. Ал эми Матраимовду колдогон фейктердин артында учурдагы Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков турары айтылган.

Бирок ошол кезде Шерипбаева өзү «Клоопко» «депутаттыкка талапкерлерден ири суммадагы акчаларды төлөп берүү сунушу түшөнүнө карабастан фейктер менен иштешпегенин» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды