Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров коомчулук өкмөттү бала бакчаларда балдарга тамак бергенге кыйнабашы керек деп билдирди. Бул тууралуу чиновник 20-ноябрда парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
«Бала бакчалар боюнча, биздин позиция мындай — биз ошол бала бакчаларды куруп, ачып, аларды китеп менен камсыздаганга даярбыз, бирок биз философиясынан баш тарттык [...] Бизди балдарга тамагын бергиле деп кыйнабагыла. Мына азыр бала бакчага 24% эле бала барып жатыптыр, келгиле, андан көрө эмки жылы ошол 24 пайызды 40-50%га жеткирип, 50%га чейин жетели», — деди Жапаров.
Анын айтымында, бала бакчалар балдарды биринчи нөөмөттө кабыл алып, аларды мектепке даярдашы керек, түштөн кийин экинчи нөөмөттү кабыл алышы керек. Жапаров ата-энелер бул позицияны колдошу керек, себеп дегенде бийлик балага керели-кечке кам көрө албайт деп эсептейт.
Ноябрдын башында бала бакчаларда балдардын тамак-ашын каржылоо толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү, себеби «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзамда баланын ысык-тамагынын жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөгөн ченем жокко чыкканы белгилүү болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мындай чечим бала бакчаларга адатта бардар үй-бүлөнүн балдары барып, ал эми калктын аялуу катмарынын балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калып жаткандыктан улам кабыл алынганын айткан. Анын айтымында, андан көрө муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөткөн оң.
Азырынча мыйзамдын жаңы ченеми күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөөнү улантып жатат. Билим берүү министрлиги Министрлер кабинетинин тийиштүү токтомун күтүп жатат.
Өкмөттүн 2008-жылкы токтомуна ылайык, бюджеттен бала бакчада окуган тарбиялануучунун бир күндүк тамагына 18 сом бөлүнүп, дагы 18 сомду ата-энелер кошуп турган.