Акылбек Жапаров: Саясий коррупцияны демонтаж кылуу президенттин командасынын башкы жетишкендиги болду

23-ноябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2022-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берди. Анда ал саясий коррупцияны демонтаж кылуу президент Садыр Жапаровдун командасынын эң башкы жетишкендиги болгонун билдирди.  

«Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды. Мындан тышкары, 300 млн долларлык “Мегаком”, 75 млн долларлык “Бител”, 18 млн долларлык “Манас банкы” жана Таш-Көмүрдөгү 60 млн долларлык завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик», — деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын башчысы саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду болгон уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу эскерди. 

«Анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты [болгон]», — деп кошумчалады ал. 

Муну менен катар Жапаров минкабдын ичинде эч кандай келишпестиктер, ошондой эле аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосунда дагы маселелер жоктугун белгиледи.