ЖК сапатсыз курулуш үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоору колдоо тапкан жок — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште курулуш лоббиси кайрадан жеңип кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 22-ноябрда телеграм каналында жазды

Бекешев бул тууралуу сапатсыз курулуш, калктын аз кыймылдуу топтору үчүн курулуш номарлары менен эрежелерин сактабаган, жер титирөөгө туруштук бербеген имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн курулуш компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттен өтпөй калгына комментарий берип жазды. 

«Бул мыйзам долбоорун жарандардан келген көптөгөн арыздардын жана куруштагы бузуулардын айынан демилгелегем, өзүм да кабылгам. Бирок мамкурулуштун директорунун орун басары депутаттарды бизде курулуш кынытыксыз жүрөт деп ишенирип атты. Сапатсыз курулуш жок, бардык жерде пандустар орнотулуп атат деп. Кээ бир депутаттар андан ары кетип, такыр эле курулуш компаниялардын жоопкерчиликти алып жатышты: алар долбоорчу кандай чийип берсе ошондой курушат дешип», — деп жазды Бекешев.

Ал курулуш компаниялары «депутаттар менен жакшы иш алып барып, убакыттан утушканын» жазып, имаратты сапатсыз куруп, жарандарды алдагандарга «эртели-кеч жоопкерчилик келерин» кошумчалады. 

Бекешев бул боюнча мыйзам долбоорун 2023-жылы мартта демилгелеген. Депутат аталган мыйзам долбоору менен имараттарды жана көп кабаттуу үйлөрдү сапатсыз куруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштаган

Ал бул мыйзамды демилгелеп жатканда курулуш тармагындагы мыйзамдар либералдуу болуп аткандыктан, көптөгөн компаниялар сапаттуу курулуш материалдардан үнөмдөп, имараттардын жер титирөөгө туруштугун текшербей, аз кыймылдуу адамдарга шарт түзүү номарларын сакташпай, ошондой эле коммуникацияларды тартпай жатышканын айткан. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Дастан Бекешев турак-жайларды сапатсыз кургандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады