Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган пенсионер Салия Таштановага 50 миң сом айып салынды

Салия Таштанова. Сүрөт: Интернеттен алынды

Жалал-Абад шаардык соту соцтармактагы кайрылуусу үчүн УКМК тарабынан кармалган Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштановага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу «Клоопко» 24-ноябрда Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Таштановага «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү 22-ноябрда чыккан. 

Салия Таштанованын атайын кызмат тарабынан кармалганы 13-октябрда белгилүү болгон, ал эми 18-октябрда үй камагына чыккан. Бирок, ал кайсы  кыйрылууга байланыштуу кармалганы айтылган эмес — анын аты-жөнү жазылган фейсбук барагында дээрлик эч кандай маалымат жок.

Таштанова өткөн жылдын ноябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы курултайда сөз алып сүйлөгөнү белгилүү. Анда ал атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду «чек ара маселесин чече алышпаса отставка кетсин» деп талап кылып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пенсионерби же студентпи, баары жооп берет — Ташиев 70 жаштагы Салия Таштанованын кармалышы тууралуу

Жалал-Абад: УКМК тарабынан кармалган Салия Таштанова үй камагына чыгарылды

Таш-Көмүр: УКМК 70 жаштагы аялды «соцтүйүндөгү кайрылуусу үчүн» кармап кеткени айтылууда