Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталды

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын он айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталды. Бул тууралуу 24-ноябрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 3 564 аял жана 1 425 өспүрүм жабыркаган.

Урмамбетов өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн мурда эле белгилеген.

Буга чейин, 20-ноябрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аялдарга карата зомбулукту талкуулагандарды сынга алган.

Ал мындай көрүнүштөрдү «кызыкдар тараптардын саясаты» деп атап, өлкөдө «аялдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнү тууралуу пикирин таңуулагандар байкалып жатканын» белгилеген. Ошондой эле ал аялдарга карата жасалган кылмыштар «өтө сейрек, миңден бир кездешет» деп эсептейт.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Анткен менен быйыл Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээледи.

Бул көрсөткүч менен Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

Өлкөдө кыздарды никеге туруу үчүн мажбурлап ала качышат, зордукташат жана өлтүрүшөт. Кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир график менен: Орунбековго өлкөдө аялдар тынымсыз сабаларын түшүндүрөбүз

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү