Кыргызстанда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 миң учуру катталды

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кыргызстанда 2023-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 512 учуру катталганын билдирди. Бул маалыматтарды ал Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйынында айтты.

«Белгилей кетсем, ИИМде түзүлгөн көчмө пункттардагы милиция кызматкерлери жер-жерине барып өздөрү аныктаган. Андан тышкары, 3500 камера орнотулган, ошол камералардын негизинде аныктап жатабыз», — деди ал.

Урмамбетов белгилегендей, катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары 2022-жылга салыштырмалуу көбөйгөн.

«Дагы бизге жетпей калган маалыматтар бар үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча. Ачыгын айтып коюш керек. Бирок биз Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө ар бир маалыматты, ЖМКга чыккан кандай бир фактылар болсо ошонун барын тең Ички иштер министрлиги аныктап, чара колдонуп жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулук бул бүгүнкү күндө эң актуалдуу тема», — деп белгиледи министрдин орун басары.   

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң актуалдуу жана эң көйгөйлүү маселелердин бири. Башкы прокуратуранын расмий маалыматтарына ылайык, 2022-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 фактысы катталган.

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү Чүй облусунун Селекция айылында болгон окуядан кийин кайрадан кызуу талкуулана баштады. 20-сентябрда аталган айылда милиция ажырашып кеткен аялын кордоого шек саналган кишини кармаган

Шектүү жабырлануучунун кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салган. Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан, учурда ал ооруканада. Ага дагы бир нече операция жасалмакчы.  

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон. Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген.

Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке кагууда. Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген. Ал эми Жогорку сот судьянын аракетине тийиштүү баа берилерин билдирген

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды