«Айыпты койгондордун өздөрү — маразматиктер жана келесолор» — блогер Жекшеналиев кылмыш иши тууралуу

27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча айыпталып жаткан 20 жаштагы активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевге карата кылмыш ишин кароо улантылды.

Сот отурумунда Жекшеналиев өзү сөз алды. Ал өзүнө каршы коюлуп жаткан айыпты «абсурд» деп атап, тергөөдө эч кандай далил жок деп айтты. Ал судья аны актап, ал эми судьяны адаштырган прокурорду жоопко тартышы керек деп эсептейт.
«Айыптоо негизсиз жана бул айыпты койгондордун өздөрү маразматиктер жана келесолор. […] Мына прокурор 15 айдан бери ушул жерде башын жерге катып отурат, анткени адилетсиз, эч кандай далили жок, менден уялып отурат», — деп билдирди активист.

Мындан тышкары, Жекшеналиев ден соолугунун начарлап жатканы тууралуу да айтты. Анын айтымында, анын жүрөгү ооруп, «гепатиттин белгисиз формасын» жуктуруп алган.  

«Менин ден соолугумду эске алуу менен, ошондой эле иштен негизсиз жана далилсиз экенин эске алуу менен мени актап берүүңүздү өтүнөм. […] Президентибиз жана [УКМКнын башчысы Ташиев] Камчыбек Кыдыршаевич да саясий куугунттуктар болбойт деп айтты. Бирок менин ишим [саясатташып] бара жатат да. Ошон үчүн президенттин сөзү чын, сот бийлиги көз карандысыз деп мени толугу менен акташыңызды өтүнөм», — деди ал. 

«Кылым Шамы» коомдук фонду билдиргендей, тараптардын кайым айтышуусунан кийин судья кийинки сот отурум башталып калгандыктан өкүм чыгарууга жетишпей жатканын айтты. Өз кезегинде прокурор ишти кароо мөөнөтүн дагы бир айга жылдырууну суранды, судья бул өтүнүчтү канааттандырды. 

Активистке өкүм чыгышы керек болгон отурум 4-декабрь саат 16:30га жылдырылды.

20-жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Facebook баракчасындагы эски видеосун «Полит Узник» барагынла жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоо аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.