Бир цитата менен: Президент «мамлекетти тоногондор менен жолу бир эмес» экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык жаштар форумуна катышып, сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Жапаров азыркы бийлик «бюджеттин киреше бөлүгүн дээрлик 2,5 эсеге көбөйтүп, ар бир жарандын чөнтөгүнө кол салып, бажы системасын ээлеп, салыктын көбүн сүлүк курттай соргон мафияны жок кылганын» билдирди

«Мен мамлекет башчысы болуп шайланганда бул мафия “баары мурдагыдай кала берет, алтургай мурдагыдан да көбүрөөк ынтаа менен өлкөнү тоной беребиз” деген ишеничте болушкан. […] Биздин либералдардын көбү шаардык жаштар жана коомчулуктун көпчүлүгү да мафияны жеңе алышпайт деп ойлошкон. Бизге карапайым эл гана ишенди. Ишенди жана колдоду. Алардын ишенимине, үмүтүнө албетте суу сепкен жокпуз, аларды уят кылган жокпуз. Мен эл үчүн иштешим керек деп саясатка келген күнү эле чечкем. Мамлекетти тоногондор менен менин жолум бир эмес. Мен көп нерсени кечире алам, бирок элибиздин байлыгын жана келечегин уурдаганды эч качан кечире албайм», — деди ал. 

Жапаров мафия жок кылынганы тууралуу «Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» бажыдагы коррупция тууралуу бир катар иликтөөлөрүнүн башкы фигуранты болгон бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айланасында болуп аткан окуялардын шартында айтты.

17-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупция үчүн соттолгон Райымбек Матраимов жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «жашыруун байланышы бар делген 225 мамлекеттик кызматкер аныкталганын» билдирген. Ташиев мындан ары «мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт» деп белгилеген

Тема боюнча:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

Матраимовдун бажы империясы