Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн ачык чемпионатта алтын медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча АКШнын ачык чемпионатында алтын медаль тагынды. Жеңүүчүлөр тууралуу маалымат 2-декабрда аталган мелдештин сайтына жарыяланды.

Петрашов 1-орунду 100 метр аралыкты брасс стилинде 59,46 секундда сүзүп өтүп камсыздаган.

Спортчу 2021-жылы Токиодо өткөн олимп оюндарынын жеңүүчүсү америкалык Майкл Эндрю (59.52 секунд) менен дагы бир АКШлык спортчу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Ник Финкти (59.79 секунд) артта калтырган.

Аталган мелдеш 29-ноябрдан 2-декабрга чейин АКШнын Гринсборо шаарында болуп өттү.

Петрашов сентябрда Японияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен 2024-жылы Парижде боло турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

23 жаштагы Петрашов — 2017-2019-жылдары сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон. Ал 2022-жылы Израилде өткөн «Маккабиада-2022» эл аралык мелдешинде брасс стилинде сууда сүзүү боюнча алтын медаль жеңген. Ошол эле жылы Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында да алтын уткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңип алды