Суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңип алды

Суучул Денис Петрашов. Сүрөт: prosports.kg

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды. Бул тууралуу 20-сентябрда Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Петрашов жолдомону Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен жеңип алды. Спортчу буга чейин 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиадада 38-орунду ээлесе, ал эми 2021-жылы Токиодо 18-орунду ээлеген.

Петрашовдун жолдомосу кыргызстандык спортчулар үчүн үчүнчү болуп калды. Буга чейин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо утуп алышкан.

23 жаштагы суучул Петрашов — 2017-2019-жылдардагы сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону. Спортчу 2022-жылы июлда Израилде өткөн «Маккабиада-2022» эл аралык мелдешинде брасс стилинде сууда сүзүү боюнча экинчи алтын медалды багындырган. Ошол эле жылы Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында да алтын утуп алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын медаль утуп, жаңы рекорд жаратты