Министрлер кабинети: Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы макулдашылды

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын өкүлдөрү. Сүрөт: Министрлер кабинети.

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 километр 10 метри такталып, макулдашылды. Бул тууралуу 5-декабрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобу Тажикстандын Бустон шаарында 29-ноябрда жолуккан. Жолугушуу 5-декабрда жыйынтыкталды.

Минкабдан сүйлөшүүлөр «достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн» белгилешти. Тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Чек араны тактоо боюнча кийинки жолугушуусу Кыргызстанда болору айтылды. Минкаб азырынча даана кайсыл жерлер такталганын ачыктаган жок.

1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолуккан. Анда Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча «бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын» айткан.

Ятимов да тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келгенин ырастап, калган талаштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалаган.

Үстүбүздөгү жылдын октябрда кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 жана 13,98 чакырымы такталганы белгилүү болгон. Ноябрда чек аранын 18 чакырымга жакыны макулдашылган.

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт. Эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикири бар экенин айтышкан. Такталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Чек арадагы өткөн жылкы эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза тапкан — алардын 51и аскер кызматкери болчу. Жаңжалдын кесепетинен дагы 206 адам жаракат алган

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган. Жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү: Кыргыз-тажик чек арасынын 63%ы такталганы кабарланды