Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүүсү: Кыргыз-тажик чек арасынын 63%ы такталганы кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасынын 63%ын түзгөн 625 чакырым чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө белгилүү болду.

Өлкө башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону менен бири-бирин куттуктады.

Ошондой эле алар учурдагы бардык маселени саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл экенин белгилеп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү боюнча пикирин айтышты.

Президенттер кыргыз-тажик мамилесинин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө болорун белгилешти.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Тема боюнча:

Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы

«Тынчтык эмне экенин унуттук». Чек ара жаңжалдары жана анын курмандыктары сандар менен