Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырымы боюнча макулдашуу жетишилди

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы боюнча макулдашууга жетишишти. Бул тууралуу 18-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай макулдашуу 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун Тажикстан Республикасынын Бустон шаарында болуп өткөн кезектеги жолугушуусунда жетишилгени белгиленет.

«Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү», — деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

16-октбярда Бустондо КР менен РТнын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өткөн. Алар топографиялык жумушчу топтор менен укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго «ишти жандантып, бардык чек ара маселелерин жөнгө салууну» тапшырышканы маалым болгон.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт, азыр анын ичинен 600 кмга жакыны гана макулдашылган.