Министрлер кабинети: Кыргыз-тажик чек арасынын 18 чакырымга жакыны такталды

Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 17,98 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу 8-ноябрда минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

«Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 3-ноябрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаш жараткан маселелер 2024-жылга чейин чечилип калышы мүмкүн экенин билдирген

8-октябрда кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы такталганы белгилүү болгон. 18-октябрда мамлекеттик чек аранын 13,98 чакырымы боюнча да макулдашылган.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт, азыр анын ичинен 600 кмга жакыны гана макулдашылган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров Тажикстан менен чек ара маселеси 2024-жылга чейин чечилерин билдирди 

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырымы боюнча макулдашуу жетишилди

Министрлер кабинети: Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы такталды