Министрлер кабинети: Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы такталып, макулдашылды. Бул тууралуу 8-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобу 3-октябрда Баткен шаарында жолуккан. Жолугушуу 8-октябрда жыйынтыкталды.

Минкабдан сүйлөшүүлөр «достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн» белгилешти. Тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Чек араны тактоо боюнча кийинки жолугушуусу Тажикстанда болору айтылды.

Ал эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынан «Клоопко» азырынча даана кайсыл жерлер такталганы тууралуу маалымат жок экенин айтышты.

Буга чейин Баткенде эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу болуп, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов катышканы кабарланган.

Ага чейин Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын белгилеп, «Тажикстан айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат коё аларын» айткан болчу

Тажик тарап «Кыргызстандын мамлекеттик жогорку кызматындагы өкүлдүн тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткандары алардын тынчсыздануусун жаратканын» белгилеген.

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикири бар экенин айтышкан. Ал эми аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Чек арадагы өткөн жылкы эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза тапкан — алардын 51и аскер кызматкери болчу. Жаңжалдын кесепетинен дагы 206 адам жаракат алган

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттыктын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган. Жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын билдирди