УКМК: Ысык-Көлдө Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке өттү

5-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди.

Маалыматта Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылы «Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен 115 гектар жерди ижарага алуу келишимин түзгөнү айтылат.

Ал ижарага алган Григорьев жана Семёнов айылдарындагы 115 гектар жерге тоют өстүрүп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, аларга материалдык колдоо көрсөтүп келгени айтылат.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрда УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Мыйзамдагы ууру кармоо учурунда «куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн» жооптуу ок чыгаруу менен «жок кылынганы» айтылган.

Кийин атайын кызматтан «криминалдык империянын» масштабын айтышкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынган.

Көлбаевдин өлүмүнөн сон УКМК кылмыштуу топторду кармоо иштерин күчөтө баштаган. Октябрдын башында эле атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында ишкерлер, мурдагы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер да бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көлбаевдин 700дөн ашуун батири мамлекетке өттү