Хирург Эрнст Акрамовго Илимдер академиясынын ардактуу академиги диплому тапшырылды

Хирург Эрнст Акрамов Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги диплому менен сыйланды. Бул тууралуу 12-декабрда Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору Зайнидин Курманов билдирди

«Улуттук илимдер академиясынын курамы көрүнүктүү окумуштуу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, гуманист менен толукталды», — деп жазды Курманов.

Сүрөт: Эрнст Акрамов.

Буга чейин профессор Эрнст Акрамовдун аты Чүй облустук бириктирилген ооруканасына ыйгарылган.

87 жаштагы Акрамов — Кыргызстандагы белгилүү окумуштуу, хирург, медицина илимдеринин доктору жана Кыргызстандын баатыры. 1992-жылдан бери Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп келген. 

2022-жылдын мартында анын жумуштан кеткени тууралуу белгилүү болгон. Мындай чечимди ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алган. 

Бейшеналиев ошондой эле Акрамов ысымын бүтүндөй бир оорукана бермек түгүл бир бөлүмгө да ыйгарууга татыксыз деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй облустук ооруканасына акыры Эрнст Акрамовдун ысымы берилди

Видео: Окумуштуу-хирургдар Мамбет Мамакеев жана Эрнст Акрамов 42 жылдык таарынычтан кийин элдешти

Чүй облустук оорукасына хирург Эрнст Акрамовдун бюсту коюлат