УКМК кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылганын билдирди

13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Акматбаевге 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Audi 100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар куралдуу кол салышкан. Ал башына жана көкүрөгүнө тийген октон улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Укук коргоо органдарынын айтымында, киши өлтүрүүнү бир киши жасаган. Ал беткап кийип, Акматбаевди «Калашников» автоматы менен атып, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаарын көздөй из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча «Киши өлтүрүү» (1997-ж. редакциясы) беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин резонанстуу кылмыш болуп ачылбай келген.

«УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбековдор (“Рэмбо”) уюштуруп, жасаганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле атайын кызмат Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унааны Раимбеков башкарган, унаанын артында Көлбаев кылмышты көзөмөлдөп отурганун белгиледи.

«Анапияев менен Самсалиев Көлбаевдин чыгышын күтпөстөн, Акматбаевди маңдайынан атып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул фактылар Көлбаевдин “киши өлтүргүчүнүн” көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт», — дешти УКМКдан.

Андан тышкары атайын кызмат Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн териштирүүлөр уланып жатканын маалымдады. 

Рысбек Акматбаев Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал бир нече адам өлтүрүү иштеринде айыпталып, бирок кийин акталган.

2005-жылдын жаз айларында аныкталбаган жагдайларда анын уулу каза болгон. 2005-жылдын октябрь айында анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев Молдовановкадагы түзөтүү абагына барып каза тапкан.

Акматбаев өзү 2006-жылы депутат болуп парламентке келгенден кийин бир ай өткөн соң Көк-Жар айылындагы мечиттин кире беришинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев кармоо учурунда жок кылынганын тастыктады

Бишкек: Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды