Финансы министри: Кийинки жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом жумшалат

Финансы министри Алмаз Бакетаев 2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 66 млрд сом жумшаларын билдирди. Ал 19-декабрдагы маалымат жыйынында карызды убагында төлөөгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин айтты.

«Эң негизгиси, келерки жылдан баштап эч жактан карыз албай, өзүбүздүн киреше булагыбыздан мамлекеттин карызын төлөөгө каражат жумшап жатабыз», — деди ал.

Министр келерки жылы илим жана маданият тармагында иштегендердин айлыгын көтөрүү, жөлөк пулду жогорулатуу маселеси каралып, каржы булагы такталарын кошумчалады. Ошондой эле жол, мектеп куруу, ирригация тутумун жакшыртуу иштери уланат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет» деп белгилеп, бирок аны «мөөнөтүнөн мурда төлөө мамлекет үчүн пайдасыз» экенин айткан.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 31-мартына карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түзгөн. Ал «карыздын баарын мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп жатабыз» деп ишендирген.

Жапаров 2022-жылы 33,6 млрд сом карыз төлөнгөнүн билдирген. Ал быйыл 48,6 млрд, 2024-жылы 64,7 млрд, 2025-жылы 75,1 млрд сом төлөнөрүн кошумчалаган.

Автору: Айгерим Белек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет, аны мөөнөтүнөн мурда төлөө бизге пайдасыз