Унааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл камераларын орнотуу сунушталууда

Ички иштер министрлиги унааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл камераларын орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоордун негиздеме-маалым катында «трактор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды кошпогондо, бардык категориядагы унаа каражаттарына видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирилери» айтылат.

Видеокөзөмөл камералары укук бузууларды болтурбоодо, жол кырсыктарын талдоодо, талаш жараткан маселелерди чечүүдө маанилүү экени белгиленет. Ошондой эле мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыкканы айтылды.

Мыйзам кабыл алынса, айдоочулар 2025-жылдан тарта авто унааларына видеоккөзөмөл жабдыктарын сатып алууга милдеттендирилип, камера орнотпогондорго айып пул салынат.

Өлкөдө жыл башынан бери 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон. Ал эми өткөн жылы 7 миң 40 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгону айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.