ЖАК: Ошто тергөө абагындагы айыпталуучу өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

25-декабрда Ош шаарындагы №25 тергөө абагында кармалган айыпталуучу өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген. Жаза аткаруу кызматы «Клоопко» 26-декабрда айыпталуучу бул кадамга мекеменин кызматкерлерин «шалаакылыкка жана көзөмөлсүздүккө айыптоо максатында атайын» барганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери өзүнө кол салган айыпталуучунун мыйзамсыз аракетине өз учурунда бөгөт коюлган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, өз өмүрүнө кол салуу аракети атайлап жасалганы аныкталган. 

«Бул аракеттери менен мекемедеги кырдаалды туруксуздаштыруу жана кызматкерлердин аброюн түшүрүү максатын көздөшкөн», — деп айтылат Жаза аткаруу кызматы тараткан билдирүүдө.

Аны менен катар, тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө «айыпталуучу жана соттолгондор тарабынан мекеменин администрациясына өз эркин таңуулоо максатында мекеменин ыкчам кырдаалына активдүү таасир этүү аракеттери көрүлгөнү аныкталганы» айтылды. 

«Кылмыштуу топтордун өкүлдөрү өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу, укук коргоо уюмдарын, соттолгондордун жана айыпталуучулардын туугандарын, адвокаттарды, журналисттерди жана ЖМКда жана интернет тармагында билип туруп анык эмес маалыматтарды тараткан ар кандай блогерлерди тартуу аркылуу  мекеменин администрациясына өз эркин таңуулоо максатында ар кандай демонстрациялык иш аракеттерди жүргүзүп келишет», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Буга чейин «Кактус» басылмасы «айыпталуучу тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан кыйноо болду деп күнөөлөө максатында өз жанын кыюуга аракет кылганын» жазган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган кишини сыйыртмактан аны менен чогуу камалгандар бошотушкан. Өзүнө кол салган шектүү Дженго каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновдун кылмыш ишине байланыштуу кармалып, абакка киргизилген

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыйкатчы Оштогу тергөө абагы талапка жооп бербей турганын айтты

Ош: Тергөө абагына баңгизат ташып турган беш шектүү кармалды

Ош: «Уурулукка» айыпталган киши тергөө абагында каза болду