Ош: Тергөө абагына баңгизат ташып турган беш шектүү кармалды

Ош шаарындагы №5 тергөө абагына беш киши баңгизат ташып турганы аныкталды. Алардын төртөө — абакта жазасын өтөп жаткандар. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык милициясынан маалымдашты. 

Билдирүүдө соттолгон шектүүлөр сырттагы кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тергөө изоляторуна маңзат алып кирип, сатып жүргөнү айтылат. 

Шектүүлөр түшкөн каражатты баңгизат алып келип бергендерге накталай акча түрүндө же телефонго бирдик кылып салып турган.

Мыйзамсыз ишти өзгөчө оор кылмыш жана баңгизат жүгүртүү боюнча жазасын өтөп жаткан эки киши уюштурганы аныкталды. Дагы бири алардын көрсөтмөлөрүн аткарса, чарбалык бөлүмдө жазасын өтөп жаткан экинчи киши баңгизатты абакка киргизүүгө көмөктөшүп келген.

Бул ишке тиешеси бар делип жалпы беш киши кармалды — алар 30, 35, 36, 43 жана 45 жаштагы шектүүлөр. Соттолгондордун камерасын тинтүү учурунда эки телефон жана бир нече зарядка табылды.

Шаардык милициядан учурда аталган тергөө абагынын кызматкерлеринин бул ишке тиешеси жар-жогу териштирилип жатканын кошумчалашты.