Ош: «Уурулукка» айыпталган киши тергөө абагында каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Материал 26-август саат 18:45те жаңыртылды

24-августта Ош шаарындагы тергөө абагында отурган 33 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» ЖАМКтан билдиришти. Бирок маркумдун атасы уулунун жүрөгү ооруганын четке кагууда.

Маалыматка караганда, ал абакка убактылуу кармоочу жайдан 22-августта которулган. Киши «Уурулукка» айыпталып жаткан.

Ал эми 24-августта анын камералаштары айыпталуучу эс-учун жоготконун айтышып, медицина кызматкерлери чакырылган. Саат 16:50дө медкызматкерлер анын каза болгонун аныкташкан.

«Айыпталуучу кабыл алынып жатканда жүрөк оорусуна даттанган. Ошондой эле эки санында көк ала тактар болгон», — деп белгилешти Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.

25-августта анын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Ал эми маркумдун атасы Султанбек Запаров «Турмуш» басылмасына берген маегинде уулунун жүрөк оорусу болгонун четке какты.

«Уулумдун жүрөк оорусу болгон эмес. Менин күмөнүм боюнча абактагылар токмоктоп өлтүрүп коюшкан. Анын денесинде, аркасында, башында, бардык жеринде көк ала так бар болчу. Ошондой тактар менен жерге берип, көмүп келдим. Оозу-мурдунан кан келип турду. Баарын видеого түшүрүп алдык. Башкы прокуратурага беребиз», — деди ал.

Султанбек Запаровдун айтымында, анын уулу буга чейин унаанын аккумуляторун уурдаган деген шек менен кармалган.

«Уулум бирөөнүн аккумуляторун уурдаган деп айыпталган болчу. Ошол үчүн эми өлүм жазасы берилбесе керек? Бирок менин балам өлүм жазасын алды. Тергөө абагынын мыйзамы менен өлтүрүлдү», — деп нааразы болду маркумдун атасы.

Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.