Акыйкатчы Оштогу тергөө абагы талапка жооп бербей турганын айтты

Ош облусунда иш сапары менен жүргөн акыйкатчы Жамиля Жаманбаева калаадагы №5 тергөө абагынын абалы менен таанышкан соң, минкабды мекемени шаар сыртына көчүрүү иштерин тездетүүгө чакырмай болду. Бул тууралуу 29-сентябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бардык камералар ным жыттанат. 5-тергөө абагынын имараты абдан эле эскилиги жетип калган. Ал 1890-жылдары курулуп, Алымбек датканын уулу Камчыбек камалган» — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы камераларды тандап карап чыккан учурда, алардын биринде 4 адамга эсептелген камерада 8 киши камалып жатканы белгилүү болду.

«5-абакта кармалгандардын кармоо шарттары тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Бул адам укуктарын бузуу болуп саналат. Мен 5-тергөө абагынын шаардын четине салына турган жаңы имаратынын курулушу боюнча ишти тездетүүнү абдан сунуштайм» — деди Жаманбаева.

Маалыматка ылайык, Оштогу №5 тергөө абагы 500 кишиге ылайыкташкан. Азыр анда 367 адам кармалып турат. Акыйкатчыга абактагылар кармоо шартына нааразы эместигин айтып, бирок сотто укугун коргоого жардам сурашты.