Талас: Өзгөрүш айыл өкмөтү менчиктешип кеткен маданият үйүн 8 млн сомго сатып алды

Маданият үйү. Сүрөт Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн фейсбук барагынан алынды.

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтү жеке менчикке өтүп кеткен маданият үйүн 8 миллион сомго сатып алды. Бул тууралуу «Клоопко» 28-декабрда аталган айыл өкмөттүн башчысы Замирбек Надырбаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, мамлекетке караштуу маданият үйү 2000-жылдары жеке менчикке өтүп кеткен. Андан бери аны кайтарууга бир нече жолу аракет көрүлгөн, бирок ар түрдүү себептер менен ишке ашпай келген.

«Быйыл айыл өкмөт тарабынан аракеттер жасалып, маданият үйүн 8 миллион сомго сатып алдык. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү», — деди айыл башчысы.  

Маданият үйү буга чейин бош турган. Ал эми айылдагы маданий иш-чаралар мектептин ашканасында өткөрүлүп келген. 

«Финансы министрлигинин үлүштүк гранттарынын эсебинен 3 миллион 488 миң 374 сом бөлүнө турган болду. 2024-жылы жаз айында аталган жайды оңдоп түзөө иштери башталат. Маданият үйүнүн ичиде чоң залдар бар. Ал жерде айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, айылдык кеңешке жана депутаттарга атайын иш бөлмөлөрү да бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта. 

Өзгөрүш айылынын калкынын саны 6209 кишини түзөт. Айылда учурда үч мектеп, бир бала бакча бар. Дагы 275 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат, ал бир айдын ичинде ишке берилери күтүлүүдө. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Наркы 7 млн 770 миң сом». Бакай-Атада менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды