«Наркы 7 млн 770 миң сом». Бакай-Атада менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда мыйзамсыз менчикке берилген 2,59 гектар жер мамлекеттин карамагына кайтарылды. Жер тилкесинин баасы 7 млн 770 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкеси 1999-жылы Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз менчикке чыгарылып, кийин ага «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бакай-Атадагы бөлүмү тарабынан күбөлүк даярдалганы аныкталды.

Көзөмөл органдын басма сөз кызматы факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи.

Аны менен катар, райондук прокуратуранын жерди мамлекетке кайтаруу максатында берген доо арызын соттун бардык инстанциялары канааттандырганын кошумчалады.

Өткөн жылдын август айында Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы «Каухар» пансионатына жакын аймактан наркы 100 миллион сомго тете 10 гектар жер мамлекетке кайтарылган. Ал жер тилкеси да 1999-жылы Кара-Ой айыл өкмөтү тарабынан Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткен.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Наркы 100 миллион сомго тете жер мамлекетке кайтарылды

Ош прокуратурасы мэрия тарабынан мыйзамсыз сатылган жерди кайтарды