Прокуратура блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин сотто кайра каратууну чечти

Прокуратура блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча сот чечиминин үстүнөн кайра даттанууну чечти. Бул тууралуу блогердин жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.  

Анын айтымында, айыптоочу тарап ишти жаңыдан кароо үчүн кайра биринчи инстанцияга жөнөтүүнү өтүнүп жатат. 

4-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча айыпталып жаткан 20 жаштагы активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди актаган

Буга чейин прокурор активистти 7 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Жекшеналиев соттогу акыркы сөзүндө соцтүйүнгө видео бөлүшкөнү үчүн  эле адамды эркинен ажыратып койгон болбойт деп билдирген

20-жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев дерлик жарым жыл камакта отурган — ал УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин фейсбук барагындагы эски видеону «Полит Узник» барагына жарыялаганы үчүн 2022-жылдын августунда ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

Блогер 2022-жылдын октябрында ТИЗОдон үй камагына бошотулган