Жекшеналиевдин иши: Прокурор аны 6 жылга кесүүнү сурады

3-апрелде Биринчи май райсотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Сотто прокурор аны «күнөөлүү» деп таап, 6 жылга кесүүнү сурады.

«Эч кандай кылмыштын курамы жок. Ырыс Жекшеналиев “бийликти басып алалы же жапырт башаламандык кылалы” деген эмес да. Бир да далил жок. Кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу деп, коюлган айыпты алыш керек», — деди адвокат Кантемир Турдалиев.

Кийинки отурум 11-апрелге белгиленди.

20 жаштагы активист 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Ырыс Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында калды

Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу солгундап кетти