«Массалык башаламандыктар». Сот активист Ырыс Жекшеналиевди актады

Ырыс Жекшеналиев жана анын жактоочусу Кантемир Турдалиев. Сүрөт: «Клооп»

4-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча айыпталып жаткан 20 жаштагы активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту болду.

Отурумда судья Мирбек Сатарбек уулу тараптырдын жүйө, далилдерин уккан соң, Жекшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп таап, аны актады.

Азырынча мамлекеттик айыптоочу райондук соттун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга кайрылар-кайрылбасы белгисиз.

Ал эми Жекшеналиев аны «эч кандай далилсиз, мыйзамсыз» абакта кармап тургандарга чара көрүү өтүнүчү менен сотко кайрыларын белгиледи. 

«Тилекке каршы ушунча убакыт мени эч себепсиз, далилсиз абакта кармап турушту. [...] Мени окуудан да чыгарып коюшту. Шаардык соттон утсак да, бүгүнкүгө чейин окууга киргизбей, министрлик жана Улуттук университет тарабынан куугунтук болуп жатат », — деди активист.  

20-жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин фейсбук барагындагы эски видеону «Полит Узник» барагына жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоо аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Айыпты койгондордун өздөрү — маразматиктер жана келесолор» — блогер Жекшеналиев кылмыш иши тууралуу