Сот блогер Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн сентябрга чейин узартты

Ырыс Жекшеналиев. Сүрөт: Мирайым Алмас / «Клооп»

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин кылмыш иши боюнча кайрадан ар тараптуу соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Аны Жетим-Тоо кени боюнча эски видеону бөлүшкөндөн кийин камакка алышкан. Райондук сот Жекшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узартты.

20 жаштагы блогердин иши боюнча соттук отурум 13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү. Адвокат Кантемир Турдалиев бардык экспертизанын корутундусу бар экенин айтып, соттун кайрадан экспертиза дайындоосуна негиз жок экенин белгиледи. 

«Бул жерде комиссиялык экспертизага бере турчу эч кандай нерсе жок. Буга чейин бардык экспертизалар өткөн. Эгер алар толук болбосо комиссиялык экспертизага берилет. “Ал экспертизанын баары өткөн, кайрадан берүүнүн кереги жок” деп айтканбыз. Буга айыптоочу да макул болгон. Ошого карабай соттун мындай чечим чыгарганы түшүнүксүз. Бул чечим боюнча даттанууга укугубуз жок экен», — деди ал. 

Буга чейин, 15-майда Жекшеналиевдин кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр кайра башталган. Судья чечимди экспертизаны кайра текшерүү керектиги менен негиздеген, бирок кайсыл экспертизалар экенин тактаган эмес.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин фейсбук барагындагы эски видеосун «Полит Узник» барагына жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Аталган видеодо Сегизбаев Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетпей, урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча мамлекеттик айыптоо аны алты жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү