Президент 2024-жылдын аягына чейин бизнести текшерүүгө мораторий киргизди

Президент Садыр Жапаров «экономикалык ишмердүүлүктү турукташтыруу», бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында 2024-жылдын 31-декабрына чейин бизнести текшерүүгө мораторий киргизди. Бул тууралуу Жапаров Фейсбук барагында жазды

Анын айтымында, мораторий кылмыш иши козголгон ишканаларга карата иштебейт.  

«Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз», — деп убада кылды Жапаров. 

2023-жыл аяктаганча да бизнести текшерүүгө президенттик мораторий иштеп турду

Ошондой эле былтыр декабрь айында президент соода кылган ишкерлерди текшерүүгө жана ККМ колдонбогону үчүн айып салууга мораторий киргизген. Бул ККМди милдеттүү колдонууга каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылган соодагерлердин бир нече митингдеринен кийин болгон.