Cадыр Жапаров ишкердикти текшерүүгө 2023-жылга чейин мораторий киргизди

Президент Садыр Жапаров ишкердикти текшерүүнү жүргүзүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын сайтында айтылат.

Мораторий 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Жарлык «жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу» максатын көздөйт.

Ошондой эле, президент ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана калктын ишкердик активдүүлүгүнүн деңгээлин төмөндөшүнө шарт түзгөн «көйгөйлөр бар болууда» деп белгиледи.

«Укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусу мындай проблемалардын бири бойдон калууда, аларга карата чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө», — деп айтылат президенттин жарлыгында.

Жапаров минкабга кичи, орто жана ири бизнести, ошондой эле коммерциялык банктарды текшерүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал ишкердикти «негизсиз» жана «өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы» үчүн текшерүүгө алган кызмат адамдары ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин жеткен административдик жоопкерчиликке тартыларын эске салды.