УКМК активист Тилекмат Күрөңовду бийликти басып алууга шектеп издөөгө берди

УКМК 10-январда активист Тилекмат Кудайберген уулу (Тилекмат Күрөңов) жана KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов экөө издөөгө жарыяланганын билдирди. Ага чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев алар биргеликте төңкөрүш жасоону пландап жүрүшкөнүн айткан. 

УКМКнын басма сөз кызматы Ташов менен Күрөңов пландарын талкуулап жатышат делген видеону таратты. Ташиев атайын кызмат экөөнүн сүйлөөөшүүсүн соттун уруксат берген чечими менен жаздырып алганын моюнга алды. 

Биринчилерден болуп буга окшогон видеону Ташиевдин жакын адам делген Region TV телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов жарыялаган. Ал чыгарган видео 9 мүнөткө, ал эми УКМК чыгарган видео – 5-мүнөткө созулат. 

УКМК «Ташов ТИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Күрөңов жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп (ККМ) бийликти басып алууну пландашкан» деп билдирүүдө.

«Максатына жетүү үчүн Ташов Күренов жана башка адамдарды тынымсыз каржылап турган. Буга байланыштуу Имамидин Ташов менен Тилекмат Күрөновго жана башка адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) жана 245-берененин 1-бөлүмү боюнча (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Атайын кызмат Ташов 2023-жылдын декабрында үй камагына чыгарылгандан кийин «ал митингдерди даярдоо жана бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча ишмердүүлүгүн уланткан» деп белгиледи.

Тилекмат Күрөңов  жана Имамидин Ташов.

10-январга караган түнү Күрөновдун фейсбук барагында Имамидин Ташовдун кайрылуусу чыккан. Анда ишкер УКМКнын кызматкерлерин адам уурдоого, коркутууга жана ал мурдараак мыйзамсыз курулуш иши боюнча төлөп берген 52 млн сомдон тышкары «сол чөнтөккө» 100 млн сом опузалашкан деп айыптаган. Ошондой эле ал кармалган ишкерлер мамлекеттик органдар айткан суммадан алда канча көп ачка төгүп берип жатышканын билдирген.   

Ал эми парламенттин 10-январдагы жыйында УКМКнын башчысы Ташовдун айткандарына токтолуп, ишкер калп айтып жатканын жана ал «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн издөөгө берилген» деп жооп берген.

Имамидин Ташовду УКМКнын кызматкерлери 2023-жылдын октябрь айында кармашкан. Атайын кызмат Ташовдун компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге 12-кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген.

Декабрь айында Ташов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун 52 миллион сомдук кыймылсыз мүлк катары, тагырагы, 10 үй жана 1 коммерциялык жай түрүндө төлөп берген соң үй камагына чыгарылган.

Тилекмат Күрөңов бийликке карата сын айткан активист катары белгилүү. Көбүнесе ал фейсбук барагына кайрылууларды чыгарып турат. Ал 2022-жылдын октябрында өлкөдөн чыгып кеткен, учурда АКШда турат.