«Арам ойлуу лидерлердин сазайын беребиз». Президент акыркы окуялар тууралуу маек берди

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү бир катар окуяларга байланыштуу 15-январда «Кабар» мамлекеттик агенттигине кезектеги маегин берди.

Бийликти басып алуу аракеттери

Жапаров «Бийликти күч менен басып алууга» шектелип жаткан «KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов жана активист Тилекмат Күрөңов базардагы ишкерлерди митингге үндөгөнүн билдирди.

«ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан башаламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар», — деди ал.

Өлкө башчысы Ташов менен Күрөңовдун «арам ойлору ишке ашпайт» деп белгилеп, азыркы тапта «бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок, андай негиз да бербейбиз» деп кошумчалады.

Тема боюнча: УКМК: Ташов менен Күрөновдун «төңкөрүш жасоо аракетине» катышкан «активдүү өнөктөштөрү» кармалды

Президент саясатка «жакындарын аралаштырбаганын айтып, өлкөнүн экономикасы өсүп жатат» деген пикирин билдирди.

«Дагы эмне керек? Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” отурбайбыз», — деп эскертти.

Ошондой эле Жапаров «чек арадан мыйзамсыз өтүүгө» шектелип жаткан депутат Эмил Жапгырчиев өзбекстандык мыйзамдагы ууру Салимбай байбачадан «эки досту жок кылууну суранганын» белгиледи. Бул боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматы иштеп жатканын айтты.

Тема боюнча: Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берди

Кемпир-абадчылар тууралуу

Өлкө башчысы Элдик курултайда Кемпир-Абадды коргоо комитети «кайсы бир элчиликтен акча алган» деп жаңылып айтып алганын белгилеп, сырткы күчтөр деп айткысы келгенин кошумчалады. 

«Ал сөзүмө чапташып алып эле кайсы элчиликтен акча алдык деп жарга такай бериштин кереги жок. [...] “Кемпир-абадчылар” арасынан кимиси кайсы сырткы күчтөр менен дайыма жолугушуп жүргөнүн, канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билмексен болуп атышат», — деди ал.

Туу маселеси тууралуу

Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтына 1-январда эмнеге такталбаган туу илингенин ачыктап, андан «трагедия издештин кереги жок» деп белгиледи. 

«Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур», — деп түшүндүрдү ал.

Тема боюнча: Мамлекеттик катчы Ала-Тоо аянтына биринчи такталбаган туу илингенин билдирди