Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берди

10-январда Жогорку Кеңештин депутаттар Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Ал кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелүүдө.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү сунушун 69 депутат колдоду.

Бул меселени караган депутаттык комиссиянын төрагасы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Алишер Эрбаев Жамгырчиевге Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Өзбекстанда жүргүзүлгөн тергөө ишинин жыйынтыгында Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп Борбор Азияда белгилүү Салим Абдувалиев аттуу адамдан колдоо алуу максатында аны менен жашыруун жолугуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Ташкен шаарына барганы аныкталды», — деди ал.

Эрбаевдин баяндамасына ылайык, Жамгырчиев жардамчысы аркылуу коңшу өлкөгө жети даана мамлекеттик бланк алып чыгып кеткен.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутатты камайлы деген ою жок экенин билдирди. Анын айтымында, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталгандар камалбайт, айып пул же пробациялык көзөмөлгө алынат.

«Мына кечээ өзүңөр көрдүңөр, кесиптешинин кабинетине кирип, экинчи кабаттан секирип, качып кетип калыптыр. Эми бул эмне деген жорук? Аны эч ким камайын деген деле эмес. Керек болсо өзүм тергөөчүлөргө “бир жыл созулган тергөө деле бүтүп калды, ишти сотко өткөрүп берели” деп айткам. Оор кылмыш болбосо депутатты камап эмне кылабыз? Азыр деле качып жүрөт, качпай эле келсин тергөөчүгө. Биз аны камабайбыз, эч нерсе кылбайбыз» — деди Ташиев.

Эмил Жамгырчиевге козгологон кылмыш иштери

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өткөндө Калмуратов да үй камагына чыккан.

Кийин Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн белгилеген. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Анда сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучунун доосу жок болгондуктан ишти кыскарткан.

Кийин Жамгырчиев «Альянс» партиясынан парламенттик шайлоого катышып, 2022-жылдын мартынан тартып Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды