УКМК: Ташов менен Күрөновдун «төңкөрүш жасоо аракетине» катышкан «активдүү өнөктөштөрү» кармалды

11-январда УКМК бизнесмен Имамидин Ташов менен активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Тилекмат Күрөнов) «мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине» катышкан «активдүү өнөктөштөрү» кармалганын билдирди. 

Атайын кызмат бүгүнкү күндө Ташов менен Күрөнов «тергөөдөн жашырынып, кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынганын» белгиледи. УКМКнын маалыматы боюнча, мекеме кызматкерлери айыпталып жаткандардын «ондогон тарапташтары менен активдүү өнөктөштөрүн» суракка алган. 

«Анын ичинде Ташовдун даярдалып жана уюштурулган иш-чараларды финансылык жактан каржылоосу боюнча маалымат алынды. Натыйжада айрым негизги тарапташтары кармалды, аларга карата бийликти кулатуунун кылмыштуу пландарына катыштыгы бар экендиги тууралуу ырастоочу маалыматтар алынган», — дейт УКМК.

 

Мамкомитетинин маалыматы боюнча, М.А.И. аттуу жаран Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатордун милдетин аткармакчы болгон. Атайын кызмат ал «ар кандай негиздер боюнча (кандайдыр бир социалдык-экономикалык чыңалуу, ККМ, ЭТТН көйгөйлөрү ж.б.) массалык нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн адамдарды чогултуп, уюштурушу керек» болгонун айтууда. Ошондой эле, УКМКнын маалыматына ылайык, ал акча таратуу жана адамдарды Бишкекке ташуу милдетин алган.

Мындан тышкары, Талас облусунда К.А.К. аттуу жаран кармалып, Бишкекке алып келинген. УКМКнын билдиришинче, АКШда ар кандай адамдардан акча которууну уюштуруу анын негизги милдети болгон. 

«Мындан тышкары, Ташовдон анын наамына ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулгандыгы боюнча бир нече фактылар аныкталган. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, Ташовдун жашаган жеринде ири акча каражаттар, кымбат баалуу унаалар жана башка материалдык баалуулуктар табылып, алынды», — дейт УКМК. 

Атайын кызмат «мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга» тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча иш-чаралар уланып жатканын дагы кошумчалады.

10-январга караган түнү Күрөновдун фейсбук барагында Имамидин Ташовдун кайрылуусу чыккан. Анда ишкер УКМКнын кызматкерлерин адам уурдоого, коркутууга жана ал мурдараак мыйзамсыз курулуш иши боюнча төлөп берген 52 млн сомдон тышкары «сол чөнтөккө» 100 млн сом опузалашкан деп айыптаган. Ошондой эле ал кармалган ишкерлер мамлекеттик органдар айткан суммадан алда канча көп ачка төгүп берип жатышканын билдирген.   

Ал эми парламенттин 10-январдагы жыйында УКМКнын башчысы Ташовдун айткандарына токтолуп, ишкер калп айтып жатканын жана ал «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн издөөгө берилген» деп жооп берген.

Кийин УКМК Ташов менен Күрөнов пландарын талкуулап жатышат делген видеону тараткан. Ташиев атайын кызмат экөөнүн сүйлөөөшүүсүн соттун уруксат берген чечими менен жаздырып алганын моюнга алган. 

Ташов менен Күрөновго карата «Бийликти күч менен басып алуу» жана  «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу») беренелери менен кылмыш иши козголгон. Экөөнө тең издөө жарыяланган.