Мамлекеттик катчы Ала-Тоо аянтына биринчи такталбаган туу илингенин билдирди

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда борбордук аянтка толук такталбаган жана кароодон өтпөгөн туу илингенин тастыктады. Бул тууралуу ал 8-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү туу — Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Өңү, узун-туурасы кандай даярдалышы керек болсо, жобого ылайык жасалып, накта желегибиз жаңырды», — деди мамлекеттик катчы.

8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы туу кайрадан алмаштырылып, парламент кабыл алган желек илинди. Бирок андан көп өтпөй туу түшүрүп, желек айрылып калган деген жүйө менен кайра алмаштырылганы белгилүү болду.

Ал арада соцтүйүндүн айрым колдонуучулары аянттагы желек дагы деле Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган туу эмес экенин жазышууда. Алардын айтымында, желектеги түндүктүн формасы баштапкы үлгүдөн айырмаланып турат.

Сүрөт: Солдогу Жогорку Кеңеш кабыл алган желек. Ортодогусу аянтка 1-январда, оңдогусу жаңы илинген туу.

Туу чуусу

1-январга караган түнү Ала-Тоо аянтына жаңы желек илинген. Бирок ал парламент депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желек эмес экени белгилүү болгон.

Бул коомдо нааразычылык жаратып, айрым депутаттар парламент кабыл алынган туунун бардык элементтери сакталышы керектигин билдирген. Кээ бири бул боюнча иликтөө жүрүп, мамлекеттик символиканы бузгандар жазага тартылышы керек деп белгилешкен.

Ал эми Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков муну минкаб парламенттин кароосунан кийин толуктоолорду киргизип, туунун акыркы үлгүсүн токтом менен бекиткени менен түшүндүргөн.

Ошондой эле соцтүйүндүн колдонуучулары аянтка илинген туудагы күн нурларынын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыккан. Коомдогу сын-пикирлердин фонунда бийлик түнү менен аянттагы желекти түшүрүп, нурларын санап чыккан.

Ал эми Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бул тууралуу «жалган маалымат» тараткандарды жоопко тартуу керектигин айтып коркуткан. Көп өтпөй бир нече адам УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болду.

Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык. Мыйзам долбоорун парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов негиздеген. Бирок бул демилгеге көпчүлүк кыргызстандыктар каршы чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Тоо аянтына кайра парламент кабыл алган желек илинди