УКМК: Жалал-Абаддагы базарлардын биринин ээси ижараны негизсиз жогорулатканы үчүн кармалды

Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 15-январда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн соодагерлеринин «оор абалынан» пайдаланып, ижара акысын бир тараптуу жогорулатып келген. Ошондой эле «макул болбогон ижарачыларды ортодогу келишимди бузуу менен коркутуп, алар төлөгөн ижара акысынын иш жүзүндөгү баасын жашырууга мажбурлаган».

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Базардын ээси соода түйүндөрдүн ижарачылары жана салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган.

«Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында, жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин жана туруктуу коррупциялык схеманын натыйжасында базардын ээси мамлекеттик бюджетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин Бишкектеги «Баткен-Комфорт» базарында ижара акысын негизсиз жогорулатуу, сатуучулардан мыйзамсыз акча чогултуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга шектүү катары базарга ээлик кылган «Реконс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, анын орун басары жана кассир-бухгалтери кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Бишкектеги «Баткен» базарынын жетекчилери кармалды