Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Чыныгүл Шеркулова 3 жылга соттолгону белгилүү болду

Чыныгүл Шеркулова. Сүрөт интернеттен алынды.

Жалал-Абад шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Маалыматты «Клоопко» 18-январда облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов тастыктады.

Анын айтымында, шаардык сот соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Шеркуловага карата өткөн жылдын 14-декабрында өкүм чыгарган.

Ага ылайык Шеркулова үч жылга эркинен ажыратылып, 14кө чыга элек кызы болгондуктан жаза мөөнөтү кийинкиге жылдырылды.

Шеркулова «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган» делип өткөн жылдын октябрында кармалган. Адвокаты Токтосун Жоробеков ал «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү экенин, депутат Адахан Мадумаровду колдоп келгенин билдирген.

Ошондой эле жактоочу Шеркулованы «Алтын-Мазардын айланасында сөз чыгарды, элге чакырык жасады деп» камап коюшканын кошумчалаган.

Кыргызстанда соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн буга чейин да бир нече киши кармалган. Алардын бири — пенсионер Салия Таштанова. Ага да «Бийликти күч менен басып алууга чакырык» беренси менен айып тагылып, 50 миң сом айыпка жыгылган.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Төрөкулова фейсбуктагы билдирүүсү үчүн 5 жылга соттолуп, 3 жылдык пробацияга алынды

«Массалык башаламандыкка чакырган» — УКМК дагы бир фейсбук колдонуучусун кармады