«Массалык башаламандыкка чакырган» — УКМК дагы бир фейсбук колдонуучусун кармады

10-декбарда УКМК «Массалык башаламандык» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында фейсбуктун 40 жаштагы колдонуучусун кармады. 

Атайын кызматтан ал фейсбуктагы «Айман Манап» барагынан «массалык башаламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбөөгө» чакырык жасаган билдирүүлөрдү жарыялап келгенин айтышты. 

«Ал жоопкерчиликтен качуу үчүн фейк аккаунт колдонгон. Анын жашаган жерин тинтүүгө алганда уюлдук телефон жана ишке тиешеси бар башка буюм далилдери алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — дешти УКМКдан. 

УКМК жарыялаган сүрөттөрдөн «Айман Манап» фейсбук барагына «Эки дос кетсин», «19унда митингге чыга бергиле, эч коркпогула» деген билдирүүлөр жарыяланганын көрүүгө болот.

Буга чейин, УКМК соцтүйүндөгү билдирүүсү үчүң Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанованы кармагын. Ага «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен иш козголуп, кийин 50 миң сом айып салынган.

Кийин Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 37 жаштагы тургуну да «массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган» делип Орусияда кармалган. УКМК тараткан видеодо ал «буга чейин бийлик өкүлдөрүн сындаган видеолорду жарыялаганы үчүн өкүнүп жатканын» айткан.

 ТЕМА БОЮНЧА: 

Пенсионерби же студентпи, баары жооп берет — Ташиев 70 жаштагы Салия Таштанованын кармалышы тууралуу

УКМК: «Массалык башаламандык уюштурууга чакырууга» шектелген киши Орусияда кармалды